Бишкек шаардык соту Кызыл-Кыя шаарындагы резонанстуу иш боюнча кыйноолордун курмандыктарынын пайдасына 300 000 миң сом өлчөмүндөгү компенсацияны өндүрүү боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Сот компенсациянын өлчөмүн азайтууну суранган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин арызын канааттандырган жок.
Эске салсак, 2013-жылы жашы жете элек үч бала (кылмыш болгон учурда), Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүндө жүргөндө, мекеменин кызматкерлери тарабынан кыйноолорго жана кордуктарга кабылган.
Comments