top of page

ЖОГОРКУ СОТ КЫЙНОО ФАКТЫСЫ БОЮНЧА АЙЫПТАЛГАН 4 МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИНИН ОШ ОБЛАСТТЫК СОТУ ЧЫГАРГАН ӨКҮМ

2020-жылдын 5-июнунда Ош облустук соту өкүм чыгарып, ага ылайык Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Жолдошов Канатбек 1 жылга чейинки мөөнөткө укук коргоо органдарында белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 8 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылсын, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын ИИОнун башчысы Сыдыков Бактияр 1 жылга чейинки мөөнөткө укук коргоо органдарында белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан биротоло ажыратуу менен 8 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылсын, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан ыкчам ыйгарымдуу Орунбаев Советалы 1 жылга чейинки мөөнөткө укук коргоо органдарында белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 8 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылсын, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан ыкчам ыйгарымдуу Кайымов Кадырбек 1 жылга чейинки мөөнөткө укук коргоо органдарында белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен биротоло 8 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылсын.

Эскерте кетсек, күнөөлүү деп табылган 4 милиция кызматкери 2013-жылдын 3-декабрынан 7-декабрына чейин Кызыл-Кия РИИБдин имаратында жашы жете элек өспүрүмдөр Эрмекбай уулу Эмирланды, Эрмек уулу Али-Мухаммедди жана Туматов Жыргалбекти күнөөлөрүн мойнуна алдыруу үчүн электр тогу менен, ошондой эле колу-буту менен сабап, денелерине жаракат келтирип кыйноого алышкан.

Бул жениш Кылым шамынын юристеринин 7 жыл талыкпаган эмгегинин үзүрү. Адвокат Таир Асановдун айтымында, көптөгөн тоскоолдуктар болгон, анын ичинде айыпталуучулар тарабынан коркутуулар жана Ош областык соту дагы ишти кароону 2 жылга созуп туруп алган.

Баса, белгилей кетсек, ички иштер министирлигинин расмий жообуна ылайык кунөөлу деп табылган 4 милиция кызматкери, алардын үстүнөн кылмыш ишин козголгонуна жана мыйзам бузуунун оордугуна карабастан, 2019 жылга чейин кызмат орундарын ээлеп келишкен.

5 просмотров0 комментариев

Comments


bottom of page