ӨЗ ҮЙҮНДӨ МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН УР-ТОКМОККО АЛЫНГАН

2019 – жылдын 4 октябрьдан 5 октябрьга караган түнү Исаев Ахмед Алексеевич өз үйүндө укук коргоо кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган. А.Исаевтин үйүн тинтүүгө келген кызматкерлер өздөрүн тааныштырбастан, тинтүү мыйзам талаптарын бузуу менен коштолгон( видео камерага тинтүү процесси тартылбаган) , А.Исаевти мыйзамсыз суракка алып ур-тепкиге алышкан.

2019 – жылдын 11 октябрында Кылым шамынын юристери тарабынан Бишкек шаарынын прокуратурасына А.Исаев ур-токмокко кабылгандыгы жөнүндө фактыны катто, ошондой эле А.Исаевге соттук-медициналык экспертиза жана соттук-психолого-психиатриялык  экспертиза өткөрүү жөнүндө өтүнүч келтирилген.

2020 – жылдын 17 октябрында А.Исаевтин милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко кабылганына бир жыл толду. Иш боюнча күбөөлөр жана ур-токмокко алган милиция кызматкерлери дагы ушул күнгө чейин суракка алынган эмес. Сот тергөөчүнүн иш-аракетинин негизсиздигин жана мыйзамсыздыгын тааныса дагы, укук коргоо кызматкерлерге карата жаза жөнүндө жеке чечим чыгара элек.

А.А.Исаевге байланыштуу, учурда тоноо, ок атуучу куралды сактоо, бийликтин өкүлүнө карата күч колдонуу фактысы боюнча сот процесси жүрүп жатат. А.Исаев бир жылдан бери тергоо абагында камалып жатат, анын ден-соолугун жана моралдык жактан зыян келтирген жоопту адамдар дагы эле жазасыз.

Адамзаты жарыкка келгенден бери бир гана нерсени: акыйкатты ар убак самап келет. Ахмед Исаевтин үй-бүлөсү көксүгөн адилеттүүлүккө жетүүгө аруу үмүтү акталарына ишеним менен карайбыз.

Pin It on Pinterest